super.kg logo

"Эстакада кургула же борборду көчүргүлө". Парламентте Бишкектеги тыгын маселеси дагы көтөрүлдү (видео)

 

Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу үчүн ири кесилиштерге Ош шаарындагыдай эстакадалык көпүрөлөрдү куруу сунушталды. Бул демилгени бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев көтөрдү.

Ал Ош шаарындагы жолдорду мисал келтирип, Бишкекте да ушундай чечимдерди колдонуу керектигин айтты.

"Мен Ошто курулган жолдорду, көпүрөлөрдү көрдүм. Силер деле ошондой кылып курсаңар болот да. Антпесе тыгын маселесин эч качан чече албайбыз. Күн сайын шаар тургундарынын саны көбөйүп жатат",- деген депутат кескин чараларды көрүү же борборду башка жакка көчүрүү керектигин белгиледи. Буга мэр Айбек Жунушалиев борбор көчүрүлгөн күндө да эл жаңы борборго көчүп барарын айтты.

Мындан тышкары, Сыдыгалиев борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна уруксат берүүдө шаарды кеңейтүү маселеси эске алынбаганын сынга алды. Анын пикиринде, курулуштар шаардын четине, Ысык-Ата жана Сокулук тарапка багытталышы керек болчу.






"Эстакада кургула же борборду көчүргүлө". Парламентте Бишкектеги тыгын маселеси көтөрүлдү (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: