Каныбек Туманбаев Кара-Сууда митингге чыккан соодагерлер менен жолукту (видео)
Бүгүн, 18-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери менен жолукту.
Анда ал соодагерлердин маселелерин угуп, базардын директорун кызматтан бошотуп, анын ордуна жаңы жетекчи дайындалганын билдирди.
"Мурунку келишимиңер боюнча ишти ушул бала бүтүрөт. Эртең кол коюшуп, төлөмдөрүңөр мурда канча төлөп жаткан болсоңор, ошол боюнча улантасыңар",- деп кошумчалады Туманбаев.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган базарда иштеген соодагерлер ижара акысынын кымбатташына жана башка маселелерге байланыштуу Кара-Суу райондук администрациянын имаратынын алдына чогулушкан.
Каныбек Туманбаев Кара-Суудагы соодагерлер менен жолукту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:36
2026-11-18
14:44
2026-11-18
11:54
2026-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















