super.kg logo

Кара-Суудагы митинг боюнча милиция үн катты

 
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлеринин митингге чыгышы боюнча облустук милиция маалымат берди.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда аталган маселе тиешелүү жетекчилерге жеткирилип, аны жөнгө салуу боюнча сунуштар каралууда.
Милиция жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана окуяга байланыштуу маалыматтарды расмий булактардан алууга чакырат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 18-ноябрда аталган базарда иштеген соодагерлер ижара акысынын кымбатташына жана башка маселелерге байланыштуу Кара-Суу райондук администрациянын имаратынын алдына чогулушкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: