super.kg logo

Ошто тынчтыкты сактоого чакырган жарандарды сабаган 4 эргул кармалды

 
Ош шаарында коомдук тартипти сактоого чакырган жарандарды ур-токмокко алган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрда саат 01:00 чамасында Төлөйкөн кичи районунда 33, 34, 28 жана 32 жаштагы жарандар мас абалында ызы-чуу салып, тынчтыкты сактоого чакырган 3 жаранды ур-токмокко алышкан.
Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, жабырлануучуларга тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Коомдук тартипти бузган жарандардын кыймыл аракетине юридикалык баа берилери маалыматта кошумчаланат.
Эскерте кетсек, буга чейин жабырлануучулардын бирөөсүнүн жубайы бир нече адам жолдошун сабаганын айтып, тиешелүү органдарга чара көрүүнү өтүнгөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: