super.kg logo

Чүйдө эки өспүрүмдү мылтык менен аткан 24 жаштагы жаран кармалды

 

Чүйдө эки өспүрүмдү пневматикалык курал менен жарадар кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда облустук милиция билдирди.

Айта кетсек, буга чейин 2013-жылы туулган Т.Р. жана 2015-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдөр ок жеп 17-ноябрда Чүй райондук ооруканасына түшкөнү белгилүү болду.

Аталган факт Чүй РИИБине катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал өз ыктыяры менен 4,5 милиметр калибрдеги Hatsan AirTact үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

Алдын ала маалымат боюнча, ал каргашалуу окуя күнү саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, жолдон өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: