Ташкентте Умрага кете албай калган кыргызстандыктар: Бишкекте шектүү кармалды (видео)
Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарында "Умра" зыяратын уюштуруудагы алдамчылыкка шектелип туристтик компаниянын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган жагдай боюнча интернет желесинде видео тарап, парламентте маселе көтөрүлгөн.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө зыяратчылар "Нур Умра Трэвэл" ЖЧКсынан жолдомо сатып алып, бирок Ташкент шаарындагы эл аралык аэропортто уча албай, оор кырдаалда калышкан.
"Туристтик компания зыяратчыларды атайын "Умра" тиркемесинен тиешелүү каттоодон өткөрбөстөн, Өзбекстан аркылуу сапарга чыгарган. Мындан тышкары, социалдык тармактарга тараган видеокайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 доллардан талап кылгандыгын билдиришти. Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери уланып, шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат",- деп белгиленди маалыматта.
Ташкентте калган 100дөн ашык зыяратчы: Бишкекте шектүү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















