Бишкекте онлайн-казино уюштуруп, акча табууга келген чет өлкөлүктөр кармалды (видео)
Бишкекте онлайн-казинолор аркылуу акча операцияларын жүргүзгөн 4 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сентябрь айынын аягында 4 чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга келишкен. Уюлдук телефондорго чет өлкөлүк банктардын биринин мобилдик тиркемелерин орнотуп, алар банк карталарын туташтыруу жана каржы операцияларын жүргүзүү үчүн техникалык терминал катары колдонушкан.
"Топтун ишмердүүлүгү мыйзамсыз онлайн кумар оюндарына (Gambling-трафик) байланыштуу болгон. Алар уюлдук телефондорго орнотулган банк тиркемелери аркылуу интернет-казинонун катышуучуларынан акча кабыл алып, утуштарын кайра которуп турушкан. Натыйжада шектүүлөр мыйзамсыз төлөм каналын камсыздап келишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта
Бишкекте онлайн-казинолор аркылуу акча операцияларын жүргүзгөн чет өлкөлүктөр кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















