super.kg logo

Заводдук номерлери өзгөртүлгөн 5 жүк ташуучу унаа аныкталды

 
"Түндүк-Чыгыш" бажысы заводдук номерлери өзгөртүлгөн 5 жүк ташуучу унааны аныктады. Бул тууралуу кечээ, 18-ноябрда Бажы кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, "М.", "Б.-М." жана "С.Л.Т.Д." аттуу үч компанияга таандык 1 Shacman, 3 HOWO жана 1 Sitrak жүк ташуучу унаалары текшерилди. Анда унаалардын кузовундагы жана шассисиндеги баштапкы номерлери механикалык жол менен өчүрүлүп, алардын ордуна башка номерлер түшүрүлгөнү жана унаалардын иш жүзүндөгү чыгарылган жылдары бажы документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегени аныкталды.
Топтолгон материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Аталган иштердин жыйынтыгында өлкө бюджетине 4 миллион 853 миң 228 сом өндүрүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: