Бишкекте лицензиясыз такси айдагандарга айып пул салынды
Кечээ, 18-ноябрда "Бишкек автобекет" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери милициянын кайгуул кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн базарынын аймагында рейд өткөрүштү.
Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган такси айдоочулары аныкталды. Мыйзам талаптарын бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Ошондой эле автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга Чыгыш автобекетинин аймагында такси унаалары үчүн атайын унаа токтотуучу жай бар экени эскертилди. Айдоочуларга жүргүнчүлөрдү белгиленген жерден гана салып-түшүрүү сунушталды.
Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, мындай рейддер мыйзамсыз жүргүнчү ташуунун алдын алуу, жол тыгындарын азайтуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында улантылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















