super.kg logo

Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлер менен жолукту

 

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы президенттикке талапкерлигин койгон жарандар менен жолугушканын билдирип, анда шайлоого даярдык көрүү учурундагы кыйынчылыктар, административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар тууралуу сөз болгонун белгилеген.

Анын айтымында, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, шайлоо таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшү керек.

"Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт. Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет", - деп жазган президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров жарандарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараянына активдүү катышууга чакырган.

Ал "Түндүк" аркылуу кол коюу добуш берүү эмес, талапкердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч экенин белгилеген. Мындан тышкары, кол топтоо эсеби 30 миңге жете элек талапкерлерди колдоп коюуну өтүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: