super.kg logo

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн өз алдынча жасап алгандарда көйгөйлөр жаралууда

 

Бишкектин Куруучулар шаарчасында жашаган тургундардын кайрылууларына байланыштуу, тиешелүу муниципалдык ишканасынын адистери ички жылытуу түйүндөрүнө текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылуулук менен камсыздоонун жетишсиздигине, тургундар тарабынан жылытуу түйүндөрүнө өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизүү себеп болгону аныкталды.

"Түтүктөрдүн ичкертилиши, жылуулуктун нормалдуу айлануусуна тоскоолдук жараткан кошумча бурулуштар жана туташтыруулар аныкталган. Мындай өзгөртүүлөр жылытуу системасынын режимин бузуп, натыйжада жылуулук имарат боюнча бирдей бөлүштүрүлбөй, айрым бөлмөлөргө керектүү көлөмдө жылуулук жетпей калат. Эми, имараттын инженердик тармактарын долбооруна ылайык келтирип, аныкталган көйгөйдү жоюу зарыл", - деп кошумчалады мекеме







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: