"Царикаев орун берчи... "Ош базардагы" мыйзамсыз соода кылгандарга каршы рейд жүрдү (видео)
Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" аймагында мыйзамсыз көчө соодасы фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Муниципалдык инспекция билдирди.
Текшерүүгө барган Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбеков (Царикаев) мыйзамсыз соода кылгандарга кайрылып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Таалайбековду көргөн соодагерлер, аны жылуу маанайда тосуп алып, айрымдары чогуу сүрөткө түшкөнгө жетишти. Ошол эле учурда анын каймана фамилиясынан чакырышып: "Царикаев, орун берчи, акчасын төлөйбүз",- деп өтүнгөндөр да болду.
Ош базардагы рейд
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















