Президенттин инисинин аты аталган Ысык-Көлдөгү инвестициялык талаш кайра текшерилет
Ысык-Көлдөгү пансионат куруу боюнча орусиялык инвестор Дмитрий Ребус менен Кубат Алымбековдун ортосундагы талаш кайрадан текшерилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда Кубат Алымбеков президент Садыр Жапаровдон жеке кабыл алууну өтүнгөн. Президент маселесин эл алдында айтууну сунуштаганда, ал мамлекет башчысынын иниси Аскарбек Жапаровдун атын атаган. Кийин Алымбеков жолугушууда маселесин толук айта албай калганын интернет аркылуу билдирген.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кубат Алымбековду, орусиялык инвестор Дмитрий Ребусту жана анын жубайын кабыл алды.
Дмитрий Ребустун айтымында, ал Алымбековдун чакыруусу менен Ысык-Көлдүн жээгинде пансионат куруп, долбоорго 15 миллион доллар инвестиция салган. Бирок кийин мүлкү уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан тартып алынып, өзү өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Ал эми Алымбеков жер тилкесине жана долбоорго жеке каражатынан акча салбаганын мойнуна алган. Ошол эле учурда инвестор ага убада кылынган үлүштү бербей койгонун айткан. Ребус болсо үлүш берүү боюнча келишим болбогонун билдирген.
Инвестор 2023-жылы президенттин иниси аркылуу мамлекет башчысына кайрылгандан кийин мүлктөрү кайтарылганын жана учурда ишмердүүлүгүн улантып жатканын айткан.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент тиешелүү органдарга тараптардын жүйөлөрүн, финансылык милдеттенмелерин, уюшкан кылмыштуу топтордун аралашуусу жана үлүш боюнча дооматтарды кайрадан калыс текшерүүнү тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















