super.kg logo

Москвадагы Сахарово борборунда 189 кыргызстандык кармалып турат

 

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвадагы Сахарово чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барып, ал жакта кармалып турган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушууда кыргызстандыктардын кармоо шарттары, медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жана укуктарынын сакталышы талкууланды. Мекендештер депортациялоо тартиби, Орусияга кайра кирүү мөөнөтү жана бөгөттөлгөн банк эсептери боюнча суроолорун беришти.

"Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге карата негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы мекендештерге Орусиянын миграциялык мыйзамдарын сактоо жана укуктары бузулган учурда чечимдерге өз убагында даттануу зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, борбордо Орусиянын миграциялык жана башка мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар кармалат.
"Борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата мекемеде Кыргызстандын 189 жараны (33 аялдар) кармалып турат. Ошондой эле 17-ноябрь күнү кечинде 28 кыргызстандыкты депортациялоого даярдап жатышканын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: