Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды (видео)
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылында электрондук кезек системасы менен жабдылган "Кең-Сай" бажы-логистикалык терминалы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аянты 8 гектар болгон терминал бир учурда 420 жүк ташуучу унааны кабыл алат. Анын 220 орду импорттук, 200 орду экспорттук жүк ташуучу унааларга бөлүнгөн.
Комплексте унааларды таразалоочу аянтча, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы көзөмөлү үчүн жайлар жана брокерлердин бөлмөлөрү бар.
Электрондук кезек системасы унаалардын кыймылын жөнгө салып, өткөрүү пунктуна баруучу жолдордогу тыгындарды азайтууга шарт түзөт.
"Терминал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташууну жеңилдетип, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















