Климаттын өзгөрүшү шартында калкты социалдык коргоо талкууланды
Кыргызстан 31-БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясында (КС-31) климаттын өзгөрүшү шартында калкты социалдык жактан коргоо боюнча өзүнүн ыкмаларын сунуштады. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук павильонунда “Климаттык аялуулук жана социалдык кепилдиктер: адилеттүү өтүүнүн алкагында кам көрүү экономикасы, балалык жана жашыл жумуш орундары”аталышындагы панелдик сессия өттү.
Ага Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков катышып, климаттык тобокелдиктер шартында калкты социалдык жактан колдоо боюнча өлкөнүн ыкмаларын тааныштырды.
Ал эми Стамбулдагы Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун борборунун өкүлү, PhD даражасынын ээси Женгиз Арыкан адилеттүү өтүү процессинде гендердик теңчиликти өнүктүрүү, STEM-билими жана жашыл жумуш орундары тууралуу сөз кылды. Ал климаттык саясатты пландаштырууда жана суу ресурстарын бөлүштүрүүдө аялдардын, анын ичинде дыйкан аялдардын жана үй-бүлө башчыларынын мүмкүнчүлүктөрү толук эске алынбай жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, “Жашыл жумуш орундары жана адилеттүү өтүү” темасында эксперттердин катышуусунда талкуу уюштурулду. Анда климаттын өзгөрүшү шартында эмгек коопсуздугу, эмгек гигиенасы жана жашыл жумуш орундарынын түшүнүгү талкууланды.
Ошондой эле Мирланбек Байгончоков БУУнун башкы катчысынын жардамчысы, ПРООНдун администраторунун жардамчысы жана Саясат жана программаларды колдоо бюросунун директору Маркос Нето менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык коргоону чыңдоо жана адилеттүү өтүү процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери талкууланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















