Бензин жана дизель майынан түшкөн салык 10 миллиард сомго өстү
Бүгүн, 19-ноябрда Мамлекеттик салык кызматында бензинди жана дизель майын милдеттүү маркалоо долбоорунун жыйынтыктары талкууланды. Жыйынга "Учкун" ачык акционердик коому жана Сингапурдун "Nanolumi Pte Ltd" компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы маркаланган бензин жана дизель майынын көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 30,7 пайызга өскөн. Ал эми мунай сатуучу ишканалардан түшкөн салыктык төлөмдөр 2024-жылга салыштырмалуу 10 миллиард сомго көбөйгөн.
Ошондой эле 2025-жылы салык органдары күйүүчү майдын маркаланганын текшерүү боюнча 95 миң 85 текшерүү жүргүзгөн.
Эске сала кетсек, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөдө бензинди жана дизель майын милдеттүү маркалоо киргизилген. Маркалоо "Учкун" ишканасы тарабынан "Nanolumi Pte Ltd" компаниясынын технологиясы менен жүргүзүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















