super.kg logo

Марлен Маматалиев КМШ өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды

 

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин жыйынына катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында уюмдун 2027-жылга карата иш планы жана КМШ ПААнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдыктар талкууланды.

Марлен Маматалиев 2027-жылдын күзүндө ассамблеянын кезектеги жыйынын Бишкекте өткөрүүгө кыргыз тарап даяр экенин билдирип, кесиптештерин Кыргызстанга чакырды.

Ошондой эле 2027-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин парламент өкүлдөрүнүн арасында эл аралык шахмат турнирин өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, төрага 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү процессине эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн парламенттер аралык уюмдарга, анын ичинде КМШ ПААга чакыруулар жөнөтүлгөнүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: