super.kg logo

"Эми операцияга даярданабыз". Иниси ырайым менен бошотулган жаран ыраазычылык билдирди (видео)

 

Агасына бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр болгон жарандын иниси президенттин ырайымы менен абактан бошотулду. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда анын агасы социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда билдирип, Садыр Жапаровго ыраазычылык айтты.

Буга чейин президент Аксы районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушканда бир жаран инисине ырайым берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, иниси Орусияда экстремизм боюнча айыпталып, Кыргызстанга экстрадицияланган. Ал 7 жыл жаза өтөп, дагы 3 жылдык мөөнөтү калган.

Жолугушууда жаран иниси ага бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр экенин да билдирген.

Инисинин бошотулганына кубанган ал видео кайрылуусунда учурда иниси Бишкекте экенин жана жакынкы 2-3 күндүн ичинде үйүнө келерин айткан.

Ал инисинин ден соолугун текшерткенден кийин бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык көрүшөрүн кошумчалады.

"Президентибиздин көмөгү менен иним камактан чыкты. Азыр Бишкекте, 2-3 күндө үйгө келет. Үй-бүлөбүз менен кубанып күтүп жатабыз. Иним келгенден кийин ден соолугун текшертип, операцияга даярданабыз. Президентибизге жана элибизге чоң рахмат", — деди ал.





"Эми операцияга даярданабыз". Иниси ырайым менен бошотулган жаран президентке ыраазычылык билдирди (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: