super.kg logo

Путин менен Рахмон аскердик кызматташтык маселелерин талкуулашты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдө эки тараптуу кызматташтыкка байланышкан бардык маселелерди кеңири талкуулашты. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда учурдагы маселелерден тышкары, эки өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери менен өзүнчө сүйлөшүү болгон.

Ошондой эле Эмомали Рахмон Путинге Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берген.

Тараптар Орусиянын аскер кызматкерлеринин Тажикстанда болушунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

Песковдун маалыматына караганда, президенттер сүйлөшүүсүн түшкү тамак учурунда улантышат.

Белгилей кетсек, Путин менен Рахмон акыркы жолу 11-ноябрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынынын алкагында жолугушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: