Япониянын премьер-министри Кытайдагы саммитте кесиптешине тилин көрсөттү (видео)
Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити расмий саммит учурундагы күтүүсүз жоругу менен социалдык тармактардын көңүлүн бурду.
Маалым болгондой, окуя 19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (APEC) саммитинин алкагында болду.
Такаити Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен туура эмес учурашканын аңдаган соң, жылмайып, күлкүлүү мимика жасап, ал тургай тилин да бир азга көрсөттү.
Бул көз ирмем видеого түшүп, социалдык тармактарда тез тарап кетти. Айрым колдонуучулар анын жоругуна күлүп, премьер-министрдин жөнөкөйлүгүн белгилешсе, башкалары дипломатиялык жолугушууда мындай жүрүм-турум орунсуз экенин айтышууда.
Япония премьер-министринин күлкүлүү кылыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-11-19
17:01
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















