Бишкекте Исакеев көчөсүндөгү унаалар эвакуацияланууда
Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүндө унаа сатуу менен алектенгендерге карата рейддик иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган аймакта автоунааларды сатуу иштери жүргүзүлүп келген. Бирок жер тилкесин пайдалануу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу сатуучуларга унааларын жаңы унаа базарына же атайын жайларга көчүрүү сунушталган.
Рейддин жүрүшүндө аймакты мыйзамсыз ээлеп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан автоунаалар эвакуацияланууда. Ошондой эле укук бузгандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.
Иш-чара аймакты бошотуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында өткөрүлүүдө.
Бишкекте Исакеев көчөсүндөгү унаалар эвакуацияланууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















