super.kg logo

"Ош базарындагы" рейд: Такси айдоочуларына шарт түзүлүүдө (видео)

 

Кечээ, 20-ноябрда "Ош базарында" такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды аныктоо жана мыйзамсыз жүргүнчү ташуунун алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында, "Ош базарынын" айланасында такси кызматын көрсөтүүдө мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди. Айдоочулардын арасында, мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Текшерүү учурунда, мэрдин орун басары Рамиз Алиев, айдоочулар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

"Рейд бир жума бою уланат, базардын тегерегин видеокамералар менен камсыздап, мыйзам бузгандарды аныктап турабыз. Жакында бул жак жабылып, жаңы автобекет ачылат, силердин мыйзамдуу иштешиңерге шарт түзүп беребиз", - деп белгиледи мэрдин орун басары.






"Ош базарында" рейд жүрүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: