Инфарктан арачалап… Дамир Осмонов башка министрге операция жасады
Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов кесиптешине опреация жасады. Бул тууралуу кечээ, 20-ноябрда ал өз баракчасында билдирди.
Осмонов кайсы министрге операция жасаганын ачыктаган жок. Бирок мамлекеттик кызматтын түйшүгү оор экенин билдирди.
"Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду. Мамлекеттик кызматтагы милдеттерим менен катар, дарыгер катары да кесиптик милдетимди аткарып, кесиптешиме операция жасадым. Анын жүрөгүнө стент коюлуп, инфаркттын алдын өз убагында алууга жетиштик. Кайсы кызматта болбойлу, баарыбыз биринчи кезекте адамбыз. Ден соолук – ар бирибиз үчүн эң чоң баалуулук. Андыктан оор учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, кам көрүү ар дайым маанилүү", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, министр Дамир Осмонов Кыргызстандагы алдыңкы кардиологдордун бири катары белгилүү болуп келген. 2026-жылдын февраль айынан бери саламаттык сактоо министри кызматын аркалап келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















