super.kg logo

Бишкектин Гоголь көчөсүндө жол оңдоо иштери толугу менен аяктады 

 

Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки 1,5 чакырымга жакын тилкеге асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди. Ошондой эле жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, тышкы жарыктандыруу системасы жаңыртылды. Кабелдик тармактар жер астына өткөрүлдү.

Мындан тышкары, аймакка 200дөн ашык көчөт отургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

"Ошондой эле Чүй проспектинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде эски суу түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды. Чүй проспекти менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалып, аймак иретке келтирилди.
Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган",-деп кошумчаланды маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: