Бишкекте жол тескөөчүлөрүнөн качкан мас айдоочу кармалды (видео)
Кечээ, 22-ноябрда Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде саат 00:30 чамасында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качууга аракет кылган BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочу жол текөөчүлөрүнө баш ийбей, окуя болгон жерден качууга аракет кылган. Ал качып баратып, Кайгуул кызматынын унаасын сүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу буга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылганы, ошондой эле мас абалында унаа башкарганы аныкталды.
Аталган факты Биринчи Май райондук милициясына катталып, айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде протокол түзүлдү. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкекте милиция кызматкерлеринен качкан мас айдоочу кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















