Жума намазы учурунда тилемчилик кылгандарга чара көрүлдү (видео)
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов районунда коомдук жайларда тилемчилик менен алектергендерди аныктоо максатында "Тилемчилик" аталышында рейддик иш-чара болуп өттү.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө жума намазы учурунда борбордун мечиттеринин жанынан кайыр сурап жүргөн жарандар аныкталды. Мындан тышкары, профилактикалык иш-чаралардын алкагында жарандардын аяныч сезимин ойготуп, акча каражатын алуу максатында өздөрүн майып кылып көрсөткөн жарандар дагы кармалды.
Аныкталган жарандарга милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдарынын алкагында укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлдү.
Жума намазы учурунда тилемчилик кылгандарга чара көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















