super.kg logo

Эл аралык издөөдө жүргөн 184 кыргызстандык чет өлкөлөрдөн кармалды

 

Ички иштер министрлиги чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди улантып, 2023-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттерде кармалганын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында чет мамлекеттердин өтүнүчү менен эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалган. Алардын ичинен 42си издөө жарыялаган мамлекеттерге экстрадицияланды. Издөө иштеринде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана оор, өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамдарга өзгөчө көңүл бурулууда.

"Кылмыштуу топту уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга шектелип С.И. жана өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн А.Н. аттуу эки жаран Италиянын аймагынан кармалды. Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү С.Н. кармалды. Таиланддын аймагында адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Н.А.С. жана Р.А.Т. аттуу жарандар кармалды. 436 килограмм баңгизатты Түркиядан Кыргызстан аркылуу транзит менен Грецияга жеткирүүгө шектелген Д.С. аттуу Түркиянын жараны кармалды", - беп белгиленет маалыматта.

ИИМ издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо, кармоо жана Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштерди улантарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: