super.kg logo

Тоңдо үйлөрдүн жер төлөсүнө кирген сууну агызуучу канал курулат (видео)

 

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Эшперов айылында турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө кирген сууну агызуу үчүн 23-ноябрдан тарта дренаждык канал курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-ноябрда Белеков көчөсүндөгү үч үйдүн жер төлөсүн суу каптады. Куткаруучулар сууну мотопомпа менен сордуруп, анын келип чыгуу себебин аныкташты.

"Жергиликтүү тургундар айдоо жерлерди сугаруу максатында каналдагы суунун нугун бурушкан. Суу көп убакыт айдоо аянттын каптагандыктан жерге сиңип, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жер төлөсүнөн чыга баштаган",-деп кошумчаланды маалыматта.






Тоңдо үйлөрдүн жер төлөсүнө кирген сууну агызуучу канал курулат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: