Ошто жаңы эстакадалык көпүрө курула турган аймак тазаланууда (видео)
Ош шаарында эстакадалык көпүрө куруу үчүн жолдорду кеңейтүү жана курулуштарды бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Бабараимов көчөсүнөн Бекмамат Осмонов көчөсүнө чейинки жолду ачуу жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай иштер Кара-Суу, Мамажан жана Шамшат көчөлөрүндө да аткарылып жатат. Тургундардын макулдугу менен эски курулуштар, коммерциялык объектилер жана турак жайлар бузулууда.
"Жеринде көз карандысыз эксперттер иштеп, компенсациянын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Бардык даярдык иштери толук аяктап, жол тилкелери ачылгандан кийин асфальт төшөө иштери башталат"-деп кошумчаланды маалыматта.
Ошто жаңы эстакадалык көпүрө курула турган аймак тазаланууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















