Асыл тукум чал чарбасын өнүктүрүүгө 271 миллион сом бөлүндү
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо максатында жылдык 3 пайыздык үстөк менен кошумча 271 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 875-т тескемесине ылайык, жеңилдетилген насыялар "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу берилет.
Насыяны асыл тукум мал чарбалары, мал импорттоочулар, техник-осеменаторлор, фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер ала алышат.
Каржылоо ири мүйүздүү мал, топоз, жылкы, кой жана эчкинин көрсөтүлгөн асыл тукум породаларын өстүрүүгө багытталат.
Насыя алуу үчүн IDYIKAN тиркемесине кирип, "Түндүк" аркылуу авторизациядан өтүп, "Кызматтар" бөлүмүндөгү "Агрокредиттөө" кызматынан электрондук арыз жөнөтүү керек.
Насыянын шарттары тууралуу толук маалыматты "АБанк" жана "Элдик Банк" мекемелеринен алууга болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















