super.kg logo

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 271 миллион сом бөлүндү

 

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо максатында жылдык 3 пайыздык үстөк менен кошумча 271 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы тескемесине ылайык, жеңилдетилген насыялар "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу берилет.

Насыяны асыл тукум мал чарбалары, мал импорттоочулар, техник-осеменаторлор, фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер ала алышат.

Каржылоо ири мүйүздүү мал, топоз, жылкы, кой жана эчкинин көрсөтүлгөн асыл тукум породаларын өстүрүүгө багытталат.

Насыя алуу үчүн IDYIKAN тиркемесине кирип, "Түндүк" аркылуу авторизациядан өтүп, "Кызматтар" бөлүмүндөгү "Агрокредиттөө" кызматынан электрондук арыз жөнөтүү керек.

Насыянын шарттары тууралуу толук маалыматты "АБанк" жана "Элдик Банк" мекемелеринен алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2026. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чал чарба)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: