Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 21 чакырымы асфальтталды (видео)
Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 21 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жолдун жалпы 55 чакырымын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган. Быйыл анын 21 чакырымына асфальт төшөлүп, долбоордун алкагында 100гө жакын суу өткөрүүчү түтүк орнотулду. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо үчүн жер жумуштары 70 пайызга аткарылды.
"Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Иштер кийинки жылы кайрадан улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 21 чакырымы асфальтталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-11-23
17:28
2026-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















