super.kg logo

Эшперов айылынын тургундары: Асфальт төшөлүп бүтсө тай соёбуз (видео)

 

Ысык-Көл облусунун Эшперов айылында жолго асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул кубанычтуу окуяга жергиликтүү тургундар өзгөчө мамиле жасап, жаңы асфальттын үстүнө дасторкон жайып, чогуу отурушту. Бул отуруш социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга түштү.

Видеодо, айыл тургундары биримдикте дасторкон үстүндө баарлашып жолдун жаңыланышына кубанычын билдиришти. Аларды өтүп бара жаткан жолоочу видеого түшүрүп алган. Алар аны да жылуу тосуп алышып, атүгүл сыйлуу төргө өткөзүп даам ооз тийгизишкен.

Анда тургундардын бири:

"Айылыбызда жол оңдоо иштери болгондугуна байланыштуу, көчөбүз чаң болуп, көчөгө чыга албай да калдык. Мына эми асфальттын биринчи катмары төшөлдү, ошонун урматына дасторконубузду жайып отурабыз. Эми буюрса, толук бүткөндө тай союп бата кылабыз. Жолубуз ак жолтой болсун", - деп каалоосун айта кетти.






Эшперов айылынын тургундары жолдун ачылышын майрамдашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: