Таластагы мушташ: Шектүүлөрдүн алтоосу 2 айга, экөөсү 1 айга камалышты (видео)
Талас шаарында мушташкан 8 жаранга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Талас облустук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, 6 жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренелери (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголду. Талас шаардык сотунун чечими менен 2027-жылдын 19-январына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Ал эми калган 2 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 22-декабрга чейин камакка алынды.
Эскерте кетсек, буга чейин топ балдардын бир жаранды темир жана жыгач таяктар менен сабап жаткан видеосу тараган. Буга байланыштуу милиция 8 адамды кармады.
Таласта мушташкан 8 жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















