Таластагы мушташ: Шектүүлөрдүн алтоосу 2 айга, экөөсү 1 айга камалды (видео)
Талас шаарында мушташкан 8 жаранга карата кылмыш иши козголуп, баары камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Талас облустук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, 6 жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренелери (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголду. Талас шаардык сотунун чечими менен 2027-жылдын 19-январына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Ал эми калган 2 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 22-декабрга чейин камакка алынды.
Эскерте кетсек, буга чейин топ балдардын бир жаранды темир жана жыгач таяктар менен сабап жатканы тартылган видео тараган. Буга байланыштуу милиция 8 адамды кармады.
Таласта мушташкан 8 жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















