super.kg logo

Жыргалаңдагы "Ала-Тоо резорттун" ачылышына жол тандабас унаалар гана киргизилет

 

1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында ачыла турган “Ала-Тоо резорт” эс алуу жайына атайын даярдалган жол тандабас унаалар менен гана жетүүгө болот. Бул тууралуу кечээ, 23-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, коноктор үчүн атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат. Аймактын тоолуу рельефине жана жол шарттарына байланыштуу унаа токтотуучу жайдан ачылыш өтүүчү жерге чейин коноктор атайын даярдалган жол тандабас унаалар менен жеткирилет. Иш-чара аяктагандан кийин аларды кайра унаа токтотуучу жайга жеткирүү да уюштурулат.

Министрлик жарандарды жеке унааларын атайын белгиленген жайга калтырууга жана уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.

Ошондой эле министрлик транспорттук жана уюштуруу кызматтарын сунуштаган белгисиз адамдарга ишенбөөнү, алдын ала акча которууну талап кылган телефон номерлерине жана банктык эсептерге акча которбоону эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: