super.kg logo

Сасык тумоо күчөдү: Кыргызстанда бир жумада 13 миңден ашык учур катталды

 

Кыргызстанда 16-22-ноябрь күндөрү курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 13 миң 386 учуру катталды. Бул мурунку аптага салыштырмалуу 17 пайызга көп. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, ооругандардын 67,1 пайызын же 8 967ин 14 жашка чейинки балдар түзөт. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны 2,5 пайызга өскөн.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Жалпысынан 163 миң 734 доза вакцина сатып алынган. Эмдөө биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку жарандарга, кош бойлуу аялдарга, тез-тез ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине акысыз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, жарандар жеке медициналык уюмдардан акы төлөп эмдөөдөн өтө алышат. Вакцинанын баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1 100 сомго чейин.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кол гигиенасын сактоого, бөлмөлөрдү желдетүүгө, адамдар көп чогулган жерлерде беткап тагынууга жана оорунун белгилери байкалганда медициналык жардамга кайрылууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: