super.kg logo

10 кекилик, 2 коён атып... Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды (видео)

 

Кара-Кулжа районунда уруксатсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Ал 10 кекилик жана 2 коён атканы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Ой-Тал айыл аймагында аныкталып, текшерүү иштерин министрликтин Ош аймактык башкармалыгынын жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.

Текшерүүдө Ылай-Талаа айылынын тургуну Т.К. эч кандай уруксат документтери жок аңчылык кылганы белгилүү болгон.

Ага мыйзамсыз аңчылык үчүн 12 миң 500 сом административдик айып салынып, жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 30 миң сом доо коюлган.






10 кекилик, 2 коён атып... Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: