super.kg logo

Жол кырсыгын иликтөөдө милициянын ишине кийлигишкен "блогер" аныкталды

 

24-ноябрда саат 01:17 чамасында Сокулук районунун Кожомкул айылында жол кырсыгы катталып, окуяны иликтөө учурунда жол кырсыгына тиешеси жок жаран милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жараткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, Фрунзе көчөсүндө 2003-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран Toyota Mark II үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкек–Кара-Балта унаа жолунда бара жатып, ошол эле багытта жүргөн чет элдик жаран башкарган Mercedes Benz үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

"Кырсыктын кесепетинен Mercedes Benz унаасынын 1973-жылы туулган Ж.Ж. аттуу айдоочусу жаракат алып, ага амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Окуяны териштирүү учурунда, өзүн блогер катары көрсөткөн 1983-жылы туулган А.Р. аттуу жаран милиция кызматкерлеринин ишине кийлигишип, чыр чыгарган. Ал иликтөө иштерине катышууга жана котормочу болууга аракет кылган. Бирок чет тилин билбегени аныкталды. Мындан тышкары, ал Сокулук айылындагы дарыгерлер борборунда айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүү учурунда да кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, чыр чыгарды",- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо жана жарандардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча текшерүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: