Бишкекте зордуктоого айыпталгандарга пробация берүү боюнча митинг өтүүдө (видео)
Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында зордуктоого айыпталгандарга пробация берүү маселеси боюнча митинг өтүүдө.
Анда катышуучулар жакындарынын камалышы мыйзамсыз болгонун айтып президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Чогулгандар Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (Зордуктоо) жана 157-беренеси (16 жашка чыга элек балага карата зордуктоо белгилери жок сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча пробациялык көзөмөл дайындоого уруксат берүүнү суранышууда.
"Менин жолдошумдун күнөөсү сот тарабынан мыйзамдуу түрдө далилдене элек. Ошондуктан бардык далилдерди, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана окуялардын чыныгы жагдайларын калыс текшерип берүүсүн өтүнөм. Мен 4 баланын энесимин. Балдарым атасынын тагдырына кабатыр болууда. Мага да эне катары кыйын. Бизди жеке кабыл алып, үнүбүздү угуп коюңузчу",- деп митингдин катышуучуларынын бири президентке кайрылды.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева комитеттин жыйынында ушул маселени карап чыгууну сунуштаган. Анын бул сунушу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыкты күчөткөн.
Бишкекте зордуктоого айыпталгандарга пробация берүү боюнча митинг өттү
0

Супер-Инфо
super.kg видео















