Бишкекте 6 айлык ымыркайга сейрек кездешүүчү грыжага операция жасалды
Бишкекте дарыгерлер диафрагмалык грыжанын сейрек кездешүүчү түрү аныкталган 6 айлык ымыркайга ийгиликтүү операция жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору билдирди.
Маалыматка караганда, операция чоң кесүүсүз, лапароскопиялык ыкма менен жасалып, ымыркай беш күндөн кийин ооруканадан чыгарылды. Бир айдан соң текшерүүдө баланын абалы жакшы экени жана өсүп-өнүгүүсү жашына туура келери белгилүү болду.
Операцияны Асылбек Кадыркулов баштаган дарыгерлер тобу жасашканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:15
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















