Ислам динин кабыл алган 80 жаран Умрага барат
Бишкек шаарындагы ислам динин жаңы кабыл алган 80 жаранга умра сапарына жолдомо белекке берилди. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда Мусуландар дин башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, кайрымдуулук демилгесин туристтик компаниялардын бири башкармалык менен биргеликте уюштурду.
"Жолдомолордун 55и орус, 25и корей улутундагы жарандарга берилди. Иш-чарада муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков катышуучуларга ак жол каалап, насаат сөздөрүн айтты. Демилгенин максаты - жаңы мусулман болгон жарандардын руханий дүйнөсүн байытуу, ыйык Мекке жана Медина шаарларына зыярат кылуусуна шарт түзүү", - деп кошумчалады мекеме
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:20
2026-11-24
21:9
2026-11-24
20:30
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















