Эргежээлдердин футболдук беттеши мушташ менен коштолду (видео)
Бою кыска адамдардан түзүлгөн футболчулардын беттеши массалык мушташ менен коштолду. Эргежээлдердин футбол боюнча дүйнөлүк мелдешинде Марокко жана Колумбия курамаларынын футболчулары ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, чыр тайпалык баскычтагы оюндан кийин болду. Беттеш 1:1 эсебинде аяктап, колумбиялык футболчулардын тең чыгуу жыйынтыгын майрамдашы экинчи команданын нааразычылыгын жаратты.
"Алгач сөз талаштан башталган жаңжал, көп өтпөй мушташка айланып, ага эки команданын футболчулары жана машыктыруучулар аралашкан. Чырды коопсуздук жана полиция кызматкерлери араң токтоткон",- деп билдиришти уюштуруучулар.
Футболдогу эргежээлдердин массалык чыры
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:00
2026-11-25
18:28
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















