ИИМ чет элдик жарандан 1 миллион доллар кантип каракталганын көрсөттү (видео)
Бишкекте чет өлкөлүк жарандан 988 миң 500 доллар жана 200 миң сомду карактоого шектелген 10 адам кармалган окуя кандай жолдор менен уюштурулганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 17-ноябрда, саат 16:00 чамасында болду. Төрт адам жабырлануучуну тапанчага окшош буюм менен коркутуп, күч колдонуу аркылуу сумкасын жана телефонун тартып алышкан.
"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, "Коопсуз өлкө" долбоорунун видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен шектүүлөрдүн унаалары жана кыймыл-аракеттери аныкталды. Натыйжада Кыргызстанда үч адам, ал эми коңшу мамлекеттин аймагында дагы жети шектүү кармалды. Ошондой эле Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен 300 миң доллар, коңшу өлкөдө кармалган шектүүнүн унаасынан 100 миң доллар жана Чүй районундагы айылдардын биринен контейнердин астынан 410 миң доллар табылды",- деп кошумчалады ИИМ.
Учурда тергөө уланууда.
Бишкекте 1 миллион долларга жакын акчаны карактоого шектүүлөр кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















