Башкы прокуратура Ми-8 тик учагынын кыйрашына байланыштуу тергөө уланып жатканын билдирди
Башкы прокуратура 2024-жылы кыйраган Ми-8 аскердик тик учагына байланыштуу Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы Кылычбек Айдаралиев жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири Данияр Давитахунов соттук-техникалык экспертизалардын корутундусуна ылайык кармалганын билдирди.
"Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө уланууда. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси бар Коргоо министрлигинин командалык курамындагы кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет",— деп айтылат маалыматта.
Бул арада Аскер прокуратурасы тик учактын кыйрашына байланыштуу мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 миллион сомдон ашканын кошумчалады.
Эске салсак, 21-ноябрда Биринчи Май райондук соту Айдаралиев менен Давитахуновду 19-декабрга чейин камакка алды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (учуу же ага даярдануу эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылган.
2024-жылдын январь айында Ми-8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап, кырсыктан бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















