super.kg logo

Милициянын унаасы ӨКМдин имаратын сүздү (видео)

 

Кечээ, 24-ноябрда саат 20:20 чамасында Бишкек шаарындагы Жумабек жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздук камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жумабек көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, кесилиштен солго бурулган учурда болду.

"Бул учурда түндүктү көздөй бара жаткан ИИМ дин Күзөт кызматына таандык кызматтык унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, ӨКМ дин тосмосун сүздү. Кырсыктын кесепетинен, кызматтык унаанын айдоочусу башынан жеңил жаракат алды. Ал ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алды. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында, Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу мас абалда болгону аныкталып, ал эми кызматтык унаанын айдоочусунан кан үлгүсү алынды", - деп маалымдады мекеме






Милициянын унаасы ӨКМдин имаратын сүзүп токтогон

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: