Автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан 6 адам жабыркады
Бүгүн, 25-ноябрда Лебединовка айылында автобустун катышуусундагы жол кырсыгында 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жабыркагандардын арасында бир бала бар. Ал "Тез жардам" бригадалары келгенге чейин медициналык мекемеге жеткирилди. Төрт адам баш мээ жаракаттары жана баштын жумшак ткандарынын жаракаттары менен ооруканага жаткырылды.
Автобустун 43 жаштагы айдоочусунун сол балтыры кысылып, оң томугу көгөрдү. Ал эми дагы бир адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Окуя болгон жерге "Тез жардамдын" 5 бригадасы тартылганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:57
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















