super.kg logo

Кыргызча мультфильмдерди тартууга 200 миллион сом бөлүү каралууда (видео)

 

2027-2028-жылдары кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартууга 200 миллион сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, балдарга арналган мамлекеттик тилдеги контентти көбөйтүү жана кыргыз тилин жайылтуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, 2026-жылдагы программанын алкагында кыргыз тилиндеги мультфильмдерди жаратууга 50 миллион сом бөлүнгөн.

"Мамлекеттик тилдеги мультфильмдерди жаратуу үчүн бюджет көбөйтүлүп, 2026-жылдагы программанын алкагында 50 миллион сом бөлүнгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен бул багыттагы иштерди кеңейтүү максатында 2027-2028-жылдарга карата бюджетти 200 миллион сомго көбөйтүү боюнча токтом долбоору каралууда", — деди Мураталиев.

Ошондой эле ал мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында санариптик жана тил үйрөтүүчү колдонмолорду кеңейтүү, котормо кызматтарын күчөтүү жана кыргыз тилиндеги түрдүү контенттерди жаратуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.






Кыргызча мультфильмдерди тартууга 200 миллион сом бөлүү каралууда (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2026. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча сүйлөп, кыргызча сүйлөгөндөн уялган жаштар — кыргыз элин башка мамлекеттин колониясына айландыра турган эң ыңгайлуу курал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: