"Асман" паркынын жанында заара ушаткан чет элдик жаран кармалды (видео)
Кечээ, 24-ноябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы "Асман" паркынын аймагында, чет элдик жарандар коомдук жайда заара ушатып жаткан видео тарады.
Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 25-ноябрда маалымат берди.
"Текшерүүнүн натыйжасында 1979-жылы туулган З.Ж. аттуу чет элдик жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди мекеме.
Чет элдик жарандар мыйзам бузду деп айтылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:57
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















